Бишкекте алдамчылык менен алектенип жүргөн Казакстандын жараны кармалды. Бишкектин 21 жаштагы З.Н. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылып, Серик аттуу чала тааныш жаран ишеничке кирип, АКШ жана Европа өлкөлөрүнө жөнөтүү үчүн виза маселесин чечип берүү боюнча 3000 долларын алып качып кеткенин айткан. Буга окшош даттануулар менен Биринчи Май райондук сотуна дагы 3 адам кайрылган. Арыздардын негизинде Биринчи Май РИИБи тарабынан кылмыш иши козголгон. Бардык арыздануучуларга жалпы суммасы 6000 доллар суммасында материалдык чыгым келтирилгени белгилүү болду. Ыкчам чара көрүлүп, 14-августта 34 жаштагы Серик аттуу Казакстандын жараны колго түштү. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.