Ырчы Адилет Азимов жеке концертинде "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин алды

Бүгүн, 28-ноябрда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда кыргыз эстрада ырчысы Адилет Азимов жеке концертин берүүдө. Концертке келген эл залдын 90 пайызын түздү.

Алгач концерт ырчынын чыгармачылык жолу тууралуу болгон документалдуу фильмдин көрсөтүлүүсү менен башталып, Адилет Азимов "Кыргыз деми" чыгармасы менен "Береке" бийчилер тобунун коштоосунда сахнага чыкты.

Эл менен учурашып, "Дарак ыры" тасмасына саундтрек болгон "Тоолор" аттуу ырды аткарды. Андан соң чыгармаларынан "Барам барам" аттуу ырын аткарып, "Мен бойдок болгондуктан, кыздардын жүрөгү мага назик сезилет, бирок үйлөнгөн досторум айтат, үйлөнгөндөн кийин назик болбой калат" деп тамашалап, "Жүрөгүң назик" деп аталган чыгармасын тартуулады.

Адилет Азимов Кыргыз эл артисти Гүлнур Сатылганова менен бирге "Болсочу" аттуу дуэтин аткарды.

Кезек жандуу үнгө келди, ырчы Эламан досу черткен комуздун коштоосунда Нурак Абдрахмановдун "Аппак сүйүүсүн" жана "Сүйүүнүн күчү" деген чыгармаларды аткарды. Жандуу ырдап жатып, ырчы "тамагым кургап кетип жатат" деп суу сурап элди тамашага салды. Андан кийин ырчы мугалими Айбарчын Добулбекова жана сахналаш досу Адилет Эркинбеков менен фортепиано-гитаранын коштоосунда жандуу обон созуп, залдагы элдин купулуна толду.

Ага маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун атынан "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси ыйгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
katerina.li
2019-11-28 21:00:36
Болуп корбогондой шоу концерт болдубу ич,Толян брат??
+3
Paol
2019-11-28 21:37:15
Маданияттын мыкты кызматкери өлгөн турбайбы уят эле
+7
Kyrgyz_bloger
2019-11-28 21:41:34
Спорт ордосуна элит хаус спонсор боло коюп элдин сынына калды эле,бунун концертине элди алдап акча тапкан сейф бизнес спонсорлук кылганбы?
+4
timoha81
2019-11-28 22:03:15
Бардак бардак бул бул мыкты кызматкерди биринчи жолу угуп атам,эшегине тушагы деп коет кыргызда же болбосо кой аксагы менен жуз дегендей
+2
adiaza
2019-11-29 11:22:52
timoha81, туура айттын, мен да биринчи жолу угуп атам мындай ырчыны, азыр эмгек синирген артист или мыкты кызматкер наамын алыш кадимки корунуш болуп калды буга эч ким деле тан калбай калды. Азыркы маданият министирлиги эмнени карап атат тушунбойсун, булар эмне коммерческий маданият министирлиги болуп калганбы. Уят уят башка создавая жок
+2
Islambek123
2019-11-28 22:37:05
Бизде баары боло берет,конуп калганбыз,оозуду ачсан артиссин,эки соз кошон акынсын,гир которсон Чипосун.
+4
Shaa-82
2019-11-29 15:55:38
Маданият кызматкери болуп канча ыры бар, канча жыл эмгек синирди? Бул баланы коп деле тааныбайт экем. Бир ырын жакшы ырдаган андан башкасын даже укпаптырмын. Тош белгида Глучапчап болуп кетиптирби а?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан