Жакында эле наристе күтүп жатканын ачыктаган түгөйлөр Аваз Акимов менен Айдана Дека көпчүлүктүн суроосуна жооп берди. Тагыраагы, ырчылар кыздуу болорун социалдык тармакка жарыялашты.
Анда Айдана Дека курбусу менен УЗИге барганын айтат. Наристенин уул же кыз болорун курбусу гана билмек болушкан. УЗИге тарткан адис наристенин ким болорун ырчынын курбусуна айткан. Айдана Деканын курбусу шариктердин биринин ичине наристенин ким экенин билдирген кагаз салып, кечинде түгөйлөргө сюрприз жасаган.
Аваз Акимов ойлогон ою ишке ашканын, сөз менен жеткире алгыс сезимдер болуп жатканын айтат.
"Бизге Айдананын курбусу сүйүнчүлөдү. Негизи менде мурунтан эле тун наристебиз кыз болот деген сезимдер болгон. Анткени досторумдун көбү кыздуу болушту. Мындан улам мен дагы кыздуу болом деп элестетип алсам керек. Эмнегедир кичинекей балдарды эмес, кыздарды көрсөм эле эзилип калчумун. Мен ойлонгондой болду. Айдана экөөбүздүн кубанычыбызда чек жок. Кудай буюрса, аман-эсен төрөлсүн, ошол күнгө жетели", - дейт ал.