"Түндүк-чыгыш" бажысынын башчысы: "Бир жыл ичинде Бажы кызматынын 24 кызматкерине кылмыш иши ачылган"

Бажы кызматынын 24 кызматкерине кылмыш иши ачылган. Бул тууралуу кечээ, 28-ноябрда жергиликтүү телеканалдардын биринен "Түндүк-чыгыш" бажысынын башчысы Нурлан Ражабалиев билдирди.

Телеберүүдө "Азаттыктын" иликтөөсү боюнча аткезчилик тууралуу маселе көтөрүлүп, ага Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, юрист Руслан Эсеналиев жана депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин башчысы Эркебек Мурзабеков чакырылган.

"Биринчиден, жакшы түшүнүп алсак, бажы системинде товар келгенде бир топ бажы режимдери бар, учурда ал бажы процедуралары деп аталып калды. Мурда 15 процедурадан өтчү, учурда анын саны 17ге жетти. Импорт, экспорт, реэкспорт, транзит. Транзит боюнча айта турган болсом, бул чет өлкөлүк жүктөрдүн биздин аймакка киргенден тарта чыгып кеткиче бажы көзөмөл алдында чыгып кетүүсү.

1999-жылы шериктеш көз карандысыз мамлекеттердин транзит жүктөрдү ташуу боюнча өз ара келишими кабыл алынган. Анда жүк эч кандай өзгөрүүсүз ошол көлөмдө өтүшү керек деп так жана даана жазылып турат. Мындайча айтканда, биз келген жүктү кирген жеринен баштап, жетчү жерине чейин жеткирип беришибиз керек. Транзит режиминде эч кандай алымдар алынбайт. Бажы биримдигине киргенге чейин бажынын иштөө учурунда болгону бажы жыйымы алынчу, ал 0,15 пайызды түзчү. Ал эми дем алыш күндөрү же бажыдан сырткары болсо 0,3 пайыз алынчу.

Мисал менен түшүрөйүн. Түркиядан Кыргыз өлкөсүнө товар алынып келе жатканда башка мамлекеттердин аймагы аркылуу өтөт да. Ал өлкөлөрдүн тиешелүү кызматтарынын ал жүккө тийгенге акысы жок. Ошол сыяктуу эле Кыргыз мамлекети аркылуу Өзбекстанга барчу товарлардын ээлери бар. Биздин аймакка киргенде эле алардын Кытайдан басылган пломбасы болот, анын үстүнө кошумча болуп Кыргыз өлкөсүнүн пломбасы тагылат. Андан ары "Достукка" жеткирилет"
, - деди ал.

Ражабалиевдин айтымында, бүгүнкү күндө бажы кызматына караштуу Ички коопсуздук кызматы жүргүзгөн иликтөө менен 24 кызматкерге кылмыш иши ачылган.

"Бажы кызматы болгон күч-аракетин жумшап, таза иштеп жатат. Андан сырткары башка күч органдарын кошкондо 65 кызматкерге кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүүдө. Бул чоң көрсөткүч. Баары коркуп калышты. Учурда оңолуп, жакшырып калган учуру", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан