UFC мушкери Конор Макгрегор октагонго 18-январда кайтып келет. Анда UFC 246 турниринде 31 жаштагы ирландиялык мушкер 36 жаштагы Дональд Серроне менен беттешет.
Акыркы жолу Макгрегор октагонго 2018-жылы октябрь айында чыгып, Хабиб Нурмагомедовго жеңилип калган. Дональд Серроненин акыркы беттеши ушул жылдын сентябрь айында өтүп, анда ал Жастин Гетжиге утулуп калган.
UFC 246 турнири Лас-Вегаста өтөт.