Жалал-Абад. Грек-рим күрөшү боюнча Сербияда өтчү Дүйнө чемпиондугуна облустан 3 спортчу катышат

Жалал-Абад ОИИБинин жетекчиси Жеңишбек Жоробеков 14-августта облустагы жаш спортчуларды кабыл алды. ОИИБ кабарлагандай, алар 18-августта Сербиянын Зренян шаарында өтүүчү грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катышат. Ага Жалал-Абад облусунан 42 килограммдык салмакта  Нурбек Максатбеков, Баяман Эрназаров (46 кг), Калы Сулайманов (54 кг) аттанат. "Жаш спортчуларды тарбиялап өстүрүп чыгарууга мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу зарыл",- деди машыктыруучу Алтынбек Саалаев жолугушуу учурунда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан