"30 жашка чыкканча сынактарга катышып алайын деп жатам" дейт комузчу Азиз Батыров

Комузчу, ырчы Азиз Батыров Өзбекстанда өтө турган "Артист" музыкалык сынагынын 2-туруна катышат. Сынактын кезектеги туру 4-декабрда болорун айткан ырчы буларга токтолду.

"Өзбекстандын Маданият министрлиги тарабынан музыкалык сынак жарыяланган. Сынак тууралуу мага министрликтин өкүлү телефон аркылуу байланышып, сынакка катышууга сунуш жасаган. Биринчи турда чыгармаларымды видеого тартып жибергем. Катышуучулардын видеолору Sevimli TV каналынан көрүүчүлөрдүн сынына коюлуп, андан кийин Озода Нурсаидова, Озодбек Назарбеков жана башка маданият өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу тандоо жасаган. Жыйынтыгында мен экинчи турга өттүм. Сынакта ар улуттун тилиндеги чыгармаларды аткарам. Негизи мамлекеттик деңгээлдеги музыкалык сынактар 30 жашка чейинкилер арасында болот. Ошол үчүн 30га чыга электе мүмкүн болушунча сынактарга катышып калайын деп жатам", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Samash-87
2019-11-29 11:23:26
Ушул бала анча мынча патриот болумуш болгон кыкендерге караганда азамат.
+4
bekbol2006
2019-11-29 12:06:20
Азиз молодец. Ийгилик сага
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан