Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, КСДПнын азыр камакта отурган өкүлү Фарид Ниязовдун камактагы мөөнөтү 2020-жылдын 9-февралына чейин узартылды. Чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Бул тууралуу КСДПнын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Ал ошондой эле Кыяс Смаилов жана Амантур Жамгырчиев дагы абакта калтырылганын билдирди.
Буга чейин Кундуз Жолдубаева Фарид Ниязов "барымтага алуу" беренеси боюнча кармалганын айткан. Андан тышкары, "массалык баш аламандыкты уюштуруу" беренеси боюнча айыпталууда.