Бүгүн, 29-ноябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго карата каралып жаткан кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум жактоочулардын келбей калгандыгына байланыштуу 2-декбарга жылдырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кийинки отурум 2-декбарь күнү саат 09:00дө болот.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.
Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган.
Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталууда. Ушул жылдын 6-мартынан тартып Кулматов менен Ибраимовдун иштери бириктирилип, сотто карала баштады. Эки экс-мэрдин ишине байланыштуу жалпысынан 14 адамга айып коюлган.