Кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпиондугу: Кыргыз балбандары 7 медаль жеңди

28-ноябрда Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпиондугу жыйынтыкталды. Мелдештин экинчи күнүндө кыргыз балбандары 3 медаль жеңишти.

Санжар Аманов 74 килограмм салмакта жана Байыш Тажигул уулу 96 килограмм салмакта финалга чыгып, тилекке каршы, жеңилүүгө дуушар болушту. 60 килограмм салмакта Тыныстан Суйунбеков дагы 2-орун алып калды.

Абсолюттук салмак категориясынын финалында Нурбек Кожобеков монгол балбаны Анар Доржго утулуп калды. Анар Доржго улуу балбан наамы ыйгарылып, чемпиондук кур тагылды. Ошондой эле ага 100 миң сом башкы байге берилди.

Мелдештин биринчи күнүндө кыргыз балбандары 2 алтын жана 2 коло медаль жеңишкен. Кыргыз курама командасы чемпиондукта жалпы 7 медаль утушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан