Таластын Манас районунун Покровка айылында помидорду кайра иштетүүчү зовод сентябрь айында ишке кирет. Бул тууралуу заводдун директору Сейит Маматаев билдирди. Айтымында, ишканага Италиянын "Manzinu Comako" компаниясы тарабынан керектүү жабдуулар берилген. Завод күнүнө 200 тонна помидорду иштетүүгө жөндөмдүү болот. Ишкананы помидор менен камсыз кылуу үчүн райондо 80 гектар жерге помидор эгилген. Өндүрүлгөн азык-түлүктү Орусияга жөнөтүү боюнча Санкт-Петербургдагы “Балтимор” компаниясы менен келишим түзүлүптүр.