Кундуз Жолдубаева: "Атамбаевди соттук отурумга күч менен алып келишкен"

Бүгүн, 29-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши каралууда. Буга чейин соттук отурумга айыпталуучу Атамбаевдин алып келингени маалым болгон.

КСДПнын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаева Алмазбек Атамбаев соттук отурумга күч менен алып келингенин айтат.

"Алмазбек Шаршенович бүгүнкү соттук отурумга катышмак эмес. Анткени соттук отурумга чейин эле жактоочу менен байланышканымда ал Алмазбек Атамбаевге барып келерин билдирген. Алмазбек Шаршеновичти соттук отурумга күч менен алып келишти. Бул Атамбаевдин укугун бузуу болуп саналат. Анткени башында эле экс-президент бул оюндарга катышпай турганын билдирип, отурумдарга келбей жаткан. Жактоочулар, юристтер ага мыйзамдардагы дал келбестиктерди түшүндүрүшкөн. Бирок соттук отурумду экс-президенттин катышуусу жок эле баштоого болбойт болчу. Бизге күтүүсүздөн эле Алмазбек Шаршеновичти Биринчи Май райондук сотуна алынып келингени айтылды", - деди ал.

“Атамбаев сотко өз эркине каршы алып келинди". Жактоочу бул тууралуу эмне дейт?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
chake
2019-11-29 16:45:13
Бул Атамбаев дегенинер курорто жургонсубой кылмышка шектүү дам катары кааласа каалабаса Батукаев учун жооп бериш керек. суралган баардык шектуулор Атабмаевдин корсотмосу чыгарылган деп жатат го
+3
Bektur2011
2019-11-29 16:47:46
Күч менен алып келгендей эмес го, татынакай эле жүрөт. Каратып туруп калп айтканды качан токтотосунар?!
-2
Jaznura
2019-11-29 16:45:19
Кундуз Жолдубаеваны өткөндө суракка чакырды эле эми боссун коргоп жүрөбү? АШАнын сүрөтү чыкты го таптатынакай эле болуп жүрөт го. Просто катуураак сагынган көрүнөт.
+2
chake
2019-11-29 16:45:51
АША канкор кылган иштери боюнча жооп берсин
+4
Alimbek1000
2019-11-29 16:46:04
Кундуз АША сени ыраазы кылып жургон окшойт сөздөрүңө караганда)))
+6
Alimbek1000
2019-11-29 16:48:02
Кундуз айым Атамбаевди сагыныптыр точно
+4
Absamat-90
2019-11-29 16:48:16
Өз оозунан укпаган соң эмне кыласың жанталашып, балким акыркы убакта чечими өзгөрүп жооп бергиси келген чыгар.
+1
Dembele84
2019-11-29 19:36:14
Жолдубаева менен Карамушкина башка тема и проблема болуп атса да АША ны ортого тыга берип тойгозду
+3
ZHYRGAL.balalaika
2019-11-29 23:17:39
АТТИҢ САЯСАТ.ЭЛГЕ ТЫНЧТЫК ГАНА БЕРГИЛЕЧИ УШУЛ СЕРИАЛДАР КАЧАН БҮТӨТ.
ИШ БОЛУП ЖАТАТ ДЕП КАЧАН ЖАҢЫЛЫК УГАБЫЗ ДЕГИ.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан