Жалал-Абад. Чаткалдыктар атасынын аты коюлган мектептен кабар албаган ЖКнын депутаты Роза Акназаровага нааразы
Жалал-Абаддын Чаткал районуна иш сапары менен барган ЖКнын депутаты Эсенгул Исаков жергиликтүү калктын арыз-муңун укту.
Жолугушууга келген тургундар көйгөйлүү маселелерин айтышты. Негизинен иштетилбей жаткан эгин талаалары, кен казып иштеген чет элдик компаниялардын аракеттери тууралуу көп сөз болду. Чаткалдагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Рахия Өнөрбаева Коргон-Сай айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектептин
абалы өтө начар экенин айтты. "Жамап-түзөп отурбай
ордуна жаңы мектеп куруу
зарыл. Ал мектепти курууга Корчубек Акназаровдун кызы, Жогорку Кеңештин депутаты Роза Акназарова жардам берсе жакшы болот эле. Мектепке аты
коюлган белгилүү инсандын депутат кызы бул мектептен
такыр кабар албайт",- дейт Өнөрбаева.