Депутат: "Бишкектеги абанын булгануусу эң башкы экологиялык көйгөйгө айланды"

Абанын сапатын жакшыртуу жана шаар ичинде жагымдуу чөйрөнү камсыз кылуу кечиктирилгис чаралардын бири болуп саналат. Бул тууралуу депутат Марат Аманкулов КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында билдирди.

"Энергиянын жаңыланып туруучу булактары жөнүндө мыйзамдын аткарылышы кечеңдеп баратканын божомолдосок болот. Тилекке каршы, мыйзамдын аткарылышы кечеңдеп жатат. Анткени мыйзам алдындагы актылар ушул кезге чейин иштелип чыга элек. Ага кошумча көмүр, жеңил өнөр жайынын калдыктары, резина, желим сыяктуу уулуу заттарды чыгаруучу отундар жагылган мештер байма-бай пайдаланууда. Бишкек ЖЭБи дагы шаардын чегинде турат", - деди Марат Аманкулов.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов энергиянын жаңыланып туруучу булактары жөнүндө мыйзамдын аткарылышы боюнча актылар даяр болгонун, ал 1-декабрынан тарта ишке киргизиле турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан