"Кечээ, 30-ноябрь күнү Ош шаары “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эстафетасын өткөрүп берди. Салтанат Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрында чоң программадагы майрамдык иш-чара менен жыйынтыкталды", - деп маалымдады мэриянын басма сөз кызматынан.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Түркия мамлекеттеринин маданият министрлеринин орун басарлары, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун өкүлдөрү катышты.
"Маданий иш-чаранын соңунда эстафета расмий түрдө Өзбекстандын Хива шаарына өткөрүлдү. ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеинов Ош шаары меймандос эли, майрамдык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөргөнү менен эсте калгандыгын билдирип, ар тараптан кызматташуулар дагы да улана бере тургандыгын кошумчалады. Азамат Жаманкулов Ош шаары түрк тилдүү мамлекеттерге байыркы шаар экендигин даңазалай алгандыгын айтып, эми дүйнө жүзүнө тааныла турган иш-чаралар да уюштуруларын билдирди. Жыйынтыктоо иш-чарасынын алкагында түрк тилдүү мамлекеттеринен келген чыгармачыл топтор өнөрлөрүн тартуулап, Кыргыз өлкөсүнүн эстрада жылдыздары ырдашты", - деп айтылат маалыматта
Салтанаттуу иш-чара түрк тилдүү мамлекеттерден келген конокторду манас айтуу, акындардын айтышы жана башка сахналаштырылган көрүнүштөр менен тааныштыруу менен башталып, сүрөт көргөзмөлөр да камтылды. 2018-жылдын 18-декабрында Түркиянын Кастамону шаарында өткөн “ТҮРКСОЙго” мүчө өлкөлөрдүн Туруктуу Кеңешинин 36-отурумунда байыркы Ош шаары бир добуштан түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп кабыл алынган.