Түркиянын Анталиясында кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталды. Анда кыргыз спортчусу Авазбек Аманбеков алтын медаль тагынды.
Аманбеков "фулл-контакт" бөлүгүндө 57 килограмм салмакта күч сынашты. Ал катары менен Мавритания, Марокко спортчуларын жеңген. Финалда Түркмөнстандын спортчусу Пыгы Салыбовду утуп, чемпион аталды.
Буга чейин ушул жылдын октябрь айында Аманбеков Сараеводо өткөн Дүйнө чемпиондугунда "лоу-кик" бөлүгүндө алтын медаль утуп алган.
Ошондой эле Рустам Ибрагимов бул чемпиондукта 60 килограмм салмакта коло медаль тагынды.