ӨКМ: "Баткенде шахта басып калган 3 адамдын тирүү калышы күмөн"
Баткендин
Самаркендек айылында 13-августта көмүр шахтасы басып калган 3 адамды издөө
улантылууда. ӨКМ билдиргендей, аларды тирүү
табуу мүмкүнчүлүгү
жокко эсе. Аталган министрликтин
Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун башчысы Мухаммед Сваровдун билдиришинче, издөө иштерине 30дай куткаруучу, ондогон жергиликтүү тургун катышууда.