Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын студенттери Молдовада өткөн музыкалык сынактан байгелүү кайтышты. Жеңиши тууралуу Расул Асангазиев SUPER.KG порталына билдирди.
"29-ноябрдан 1-декабрга чейин Молдовада "Cinta inima" деген аталыштагы эл аралык вокалдык сынак болуп өттү. Ага Кыргыз өлкөсүнүн атынан Рустам Русланов экөөбүз катыштык. Сынакка Украина, Беларусь, Молдова, Румыния, Орусия, Түркия, Азербайжан, АКШ, Болгариядан өкүлдөр катышты. 1-декабрда финал орун алып, 10 мамлекеттин арасынан эстрада багытында 26 жашка чейинки конкурсанттардан мен, 26 жаштан жогоркуларда Рустам Русланов мыкты аталып, 1-орунду багындырдык. Жеңиш оңой болгон жок. Анткени атаандаштар күчтүү болду. Экөөбүз тең Кубок, диплом жана акчалай сыйлыкка татыдык", - дейт Расул Асангазиев.