1-декабрда Беларусь чемпиондугунда 30-турдук оюндар өтүп, сезон аяктады. Анда Улуттук курама команданын капитаны ойногон "Динамо" Минск чемпион аталган "Динамо" Брест менен кез келип, 1:3 эсебинде жеңилди.
"Динамо" Минск 30 оюнда 50 упай топтоп, чемпиондукта 4-орунду алды. Кичин бул командага ушул жылдын жай айында кошулуп, 12 оюн өткөргөн.
Гүлжигит Алыкуловдун "Неман" клубу акыркы турда "Слуцк" менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңилди. "Неман" 9-орун менен жыйынтыктады. Алыкулов жалпы 23 оюн өткөрүп, 4 гол жана 4 голдук пас жараткан.