Парижде "Франс Футбол" журналы Мессиге "Алтын топ" ыйгарып жатканда, Италияда сезондун мыкты футболчуларын аныкташты.
Анда өткөн сезондун мыкты футболчусу наамы Криштиану Роналдуга берилди. Роналду "Ювентус" менен чемпиондук наамын жеңип, 21 гол киргизген. Бирок бул голдорунун саны менен ал мыкты бомбардирлер тизмесинде 4-орунда гана болгон.
Роналду бул сыйлыкты алуу кечесине башынан баштап катышпай, анын аты аталганда гана унаасынан түшүп, кечеге кирген.
"Алтын топ" үчүн добуш берүүдө Роналду 3-орунда болду.