Бүгүн, 3-декабрда футзал боюнча Кыргыз курама командасы Түркия менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Оюн Бишкек шаарындагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплексинде өтөт.
Беттеш Бишкек убактысы менен саат 20:00дө башталат.
Командалар жалпы эки оюн өткөрүшөт. Экинчи оюн эртең, 4-декабрда өтөт. Эки оюнга билет баасы 300 сомду түзөт.