Чыныбай Турсунбеков: “Башкы прокуратура күзүндө айрым депутаттарды кол тийбестиктен ажыратуу сунушу менен Жогорку Кеңешке кайрылышы мүмкүн”

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы сентябрь айында башталат. Бул тууралуу парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Баткендин Кадамжай районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда билдирди. Айтымында, коррупцияга каршы күрөшүүнүн жыйынтыгында министрлер, соттор жана депутаттар соттолду. "Балким, күз айында Башкы прокуратура кээ бир депутаттардын кол тийбестигин алып салуу өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылышы мүмкүн",- деди ал.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан