Рита Карасартова Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалды

Рита Карасартова Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Агенттикти буга чейин жетектеген Таалайбек Чолпонкулов өз арызы менен кызматтан бошотулду. Чолпонкулов бул кызматта 2009-жылдан бери иштеп келген. Бүгүн билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жаңы дайындалган директор Карасартованы кесиптик-техникалык агенттигинин жалпы жамаатына тааныштырды.

Министр түзүмдө буга чейин аткарылган жумуштар үчүн Таалайбек Чолпонкуловго ыраазычылык билдирип, жаңы дайындалган жетекчиге бул тармакта башталган реформаларды улантуу ишине ийгилик каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Absamat-90
2019-12-03 12:59:55
Рита айымга ийгилик, коррупцияга каршы курошту эми дал ушул жерден корсотсун.
-2
Ernestinio
2019-12-03 13:04:21
оз ишин мыкты билген адистер жолдо калбайт
-2
chake
2019-12-03 13:17:42
куттуктайбыз
-3
Jaznura
2019-12-03 13:28:16
Рита айым коррупция деп эле бакырат. Эми ошол жердеги коррупцияны түп тамыры менен жойсун.
+3
Wibee
2019-12-03 13:43:19
Бакылдаган женени үй чечкенде көрөбүз.
+8
Jelezo
2019-12-03 15:02:04
Жакшы болуптур
-3
Dembele84
2019-12-03 15:39:02
Вот коррупция деп дайыма бакылдачуу,эми эмне иш колунан келээр экен коробуз
+4
Mister-X
2019-12-03 16:07:51
Ушул айымды саясаттан алыс эле коюш керек эле.Феминисттерди колдогон адамдан кантип мыкты адис чыгат.
+3
Suzak12
2019-12-03 21:26:24
Тушунуктуу ушул жерге жетиш учун пикет кылып жургон экенда,коробуз кандай иштейт экен , эми кулак тынчыйт экенда мундан бул менин жеке ойум
0
munduz2016
2019-12-04 00:14:50
митингде жүрө бербей тек отуруп иште дептир да ))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан