Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин кызматкерлери директорду ордуна кайтарууну суранып президентке кайрылышты

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин кызматкерлери мурунку музей жетекчиси Мира Жангарачеваны жумуш ордуна кайтаруу тууралуу суранып президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашты. Кайрылууну музейдин расмий социалдык баракчасына жарыялашты.

Урматтуу Cооронбай Шарипович!!!

Биз, Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин кызматкерлери, "Феминнале" көргөзмөсүнүн айланасындагы чууга байланыштуу директор Жангарачева Мира Камильевнанын жумуштан кеткенине нааразы болуп, тынчсызданып жатабыз. Аталган көргөзмө пландалган иш-чара болчу жана коомчулуктун кайсы бир бөлүгүндө негативдүү резонанс жаратат деп күткөн эмеспиз.

Жангарачева директорлук кызматка келип музейдин коомчулук арасында популярдуулугун арттырды. Бир нече ай ишмердүүлүгүндө иш-чаралардын мазмуну жакшырып, музейге келгендердин саны көбөйдү. Архивдик көркөм коллекциялар иреттелип, эсептелип, көзөмөлгө алынды. Ошондой эле ЮНИСЕФ менен "Искусство жана балдар укугу" долбоору боюнча келишим түзүлгөн. Имарат, көргөзмө өткөрүлүүчү залдар, кылымдан бери келаткан музейдин жер төлөсүндөгү керексиз нерселер тазаланган. Оңдоп-түзөө иштери тууралуу заманбап техникалык жабдуулар даярдалган. Сиз музейге келип кеткениңизден кийин музей толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөрүнө үмүтүбүз пайда болгон.

Музейдин мамлекет сыяктуу эле өзүнүн тартиби, жоопкерчилиги бар. Жангарачева ушул кезге чейин милдетин так жана жоопкерчиликтүү аткарып келген. Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин эмгек жамааты "Феминнале" көргөзмөсүн уюштуруу алкагында катачылыктар кетиргенин моюнга алат жана сизди окуяга адилеттүү карап, Жангарачеваны музейдин жетекчилик кызматына кайра кайтарып берүүңүздү суранабыз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Mirlan27011987
2019-12-03 15:18:18
Толук колдойм. Ордуна келсин. Мен үчүн музейдеги сүрөттөрдүн эч бир уяттуу нерсеси жок болчу. Адамдын дене мүчөсүнөн уяттуу нерсени издегендер адам эмессиңер. Анткени дене мүчө бул- естественный. Адам жашоодо баарына күбө болуш керек, уяттуу нерсесин да, уяттуу эмесин да көрүш керек. Ошондо адамдын ички эмоциясында ар дайым дисбаланс сакталып турат. Силер врач-хирург болсонор түшүнмөксүнөр. Күнүгө аял эркеги дебей жыланач кылып операция кыламаксынар. Кырк чоронун ак - көк сакалдары
-14
Saiit
2019-12-03 15:28:24
Mirlan27011987,Энен менен атандыда жаланач кылып ошо музейге койупкой шумшук капыр!
+6
Mirlan27011987
2019-12-03 15:32:28
Saiit,Сендейлерди мракобестер деп коет. Ысык көлгө барсаң 100миңдеген аял эркектер аралашып эле купальник, турсийчен аралаш эле сууга түшүп эс алып жүрүшөт. Эч ким бирөөнүн денесинен уят нерсени издебей эле жүрүшөт. Кырк чоролор - мракобесиңер. Кыска ой жүгүрткөндөр жүрө бергиле, псевдопатриоттордун псевдосөздөрүн ээрчип.
-5
Bars88
2019-12-03 15:44:17
Mirlan27011987,Сага окшоп биз жыланач искусствону тушунбой эле коёлу.Анда уйундо апан атан озун жыланач журо бергиле кошулуп озундун дененден не уяласын.Сендейлер же кыз эмес же эркек эмес.Андай эле жыланачтануу маданият болсо мектептен эле башташ керек окуучулар дагы мугалимдер дагы жыланач журушсун.
+3
sinej
2019-12-03 15:47:01
Bars88,
Аялдын эркектин денесин уяттуу дебей калгылачы. Баарыбыздын эле бирдей дене мүчөөбүз бар.
-7
Bars88
2019-12-03 15:58:37
sinej,Кыпчылбай барып жыланач дененди корсот озуно окшогондорго.Кыргызга болбойт уят бизге
+4
Mirlan27011987
2019-12-03 15:29:17
Mirlan27011987,Врач хирург болсоңор жанагы чоро баштар минтип кылаарга ишиңер жок жүрмөк эмессиңер музейди тегеректеп.
-5
Mister-X
2019-12-03 15:48:54
Mirlan27011987,Кайра озуно жооп бергенсин го.. Эки ат менен кирип, провокация жараткан шумшуктордон окшойсун.Берки атын менен кирбепсин да...
+2
Absamat-90
2019-12-03 15:19:20
Деген менен маселе чечилип калбайт. Болоор иш болду боесу канды. Кандайдыр бир денгээле кызматкерлер да куноолуусунор. Биздин менталитетти эске алып,алдын алсанар болмок да.
+6
Jaznura
2019-12-03 15:20:01
Мындай уятсыздарды кайра андай кызматка коюнун кереги жок. Алар кайра эле Американын саясатын менталитетин сиңиртүүгө аракет кылышат.
+4
Saiit
2019-12-03 15:26:39
Силердин баарынарды кууш керек Лаанатылар Силер Алланын законуна каршы иш кылдынар биркун чыгып силердин баарынарды кубабыз Ланаты капырлар!!
+5
Aikaaaa
2019-12-03 15:48:20
Saiit,ланатың эмне? Кыргызча сүйлөчү
-1
Mister-X
2019-12-03 15:52:51
Aikaaaa,Наалат болсо керек.
0
JaneEr
2019-12-03 15:55:31
Жангарачиева ол десе олосунорбу
0
Jango
2019-12-03 15:57:29
Кудайга шугур деп айткыла музейдегилер эгер мен болгондо ошол жерде иш жаман жагына чечилет болчу эми ошол музейде кандайдыр бир иш чара болсо соссуз барып коз салым турамын биз кыргызбыз биз салтыбызды сактап урпактарга берели
+2
bond02
2019-12-03 23:20:39
Ошол колдогон кызматкерлерди уйуру менен жумуштан айдаш керек кошуп. Кандай адамдар иштейт ал жерде почерктерин кара.
+1
555-777
2019-12-04 00:56:13
Булар иш-чаранын өтүүсү боюнча кабарыбыз бар эле, дейт, тиги Мирасы менде кабарым болгон эмес, дейт, кимисне ишенишиңдида билбейсиң адам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан