Болгарияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда 59 килограммдык салмакта күрөшүп жаткан кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова коло медаль утту. 3-орун үчүн болгон беттеште кыргызстандык спортчу орусиялык Анжела Фоменкону 8:6 эсебинде жеңген. Ал эми экинчи беттеште германиялык Луиса Хельда Герда Немечти 10:1 эсебинде утуп Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси болду.