Ырчы, эл аралык музыкалык сынактардын катышуучусу Бек Исраилов Түркияда өтө турган музыкалык долбоорго чакыруу алды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган. Ырчы менен байланышканыбызда, долбоор Адана шаарында боло турганын айтты.
"O’Ses Turkie" вокалдык долбооруна чакыруу алдым. Азырынча толук маалыматым деле жок. Бир билгеним, долбоордун тандоо туру ар аптанын жума күнү болот экен. Тандоо туру Түркиянын ар кайсы шаарларында орун алат. Буюрса, кийинки аптада Түркияга учуп кетем", - деди ал.