15-августта Кыргызстанда 8 өрт кырсыгы катталганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 2, Ош шаарында 1, Талас жана Баткен облусунда бирден өрт кырсыгы орун алды. Маалыматка таянсак, өрттүн кесепетинен каза болгондор жок.