Аялзатын кадырлоого чакырган Төлөгөн Мамыровдун "Жубайыма" клиби "Супер хитке" кошулду

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна обончу, аткаруучу Төлөгөн Мамыровдун "Жубайыма" клиби кошулду. Ырчы өзү бойдок болсо да, күйөөлөрү тараптан жаман мамиле жасалган аялдарды аёо керектигин түшүнгөнүн айтат.
"Мен өзүм бойдокмун. Бирок көз алдыма алган жубайыма карата жаман мамиле жасап жатканымды элестетип көрдүм. Бул менин өзүмө деле жагымсыз чынында. Мага аялга жумшак болсоң, башка чыгып алат дегендер болду. Ошентсе да бул тема учурда актуалдуу экенин түшүндүм", - дейт ал.

Чыгарманын сөзүн акын Таирбек Эрматов жазган. Клипти Бекзат Маманов тарткан.

27-НОЯБРДАН 4-ДЕКАБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Калыс Жакыповдун "Күттүм сени" чыгармасы эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.

9-орунду - Мурадил Данияровдун "Алтын апам" аталышындагы клиби камсыздады.

8-орунга - Курал Чокоев менен Шерхан Абкуловдун "Кыздар, ай" чыгармасы жайгашты.

7-орун - Айдин Шердин "Отуздан ашып барамын" видеокомпозициясына буюрду.

6-орунду - Азат Раимбердиевдин "Карагым" клиби ээледи.

5-орунга - Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Жөнөкөй жигит" чыгармасы жайгашты.

4-орунду - Мурат Ниматовдун "Келинчегим бол" клиби камсыздады.

3-орун - Азизанын "Чакырба сүйүү мезгилин" аталышындагы чыгармасына буюрду.

2-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Нурмат Садыровдун "Кайда кеттиң?" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алды.

1-орун - Эрлан Андашевдин "Өкүнбө" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
chake
2019-12-04 14:20:26
үй бүлөлүк ынтымакты бекемдеген жакшы ыр болуптур молодец каяктын жигити болсо да шаардык болсон деле
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан