Майкл Жексондун клиби 7 миллион, Мирбек Атабековдун клиби 8 миң доллар. Эң кымбат клиптер

"Жылдын хит ыры", "Жылдын мыкты клиби". Мына дал ушул наам үчүн дүйнөгө, өз өлкөсүндө белгилүү болгон ырчылар жанталашып эмгек кылат. Мыкты чыгармага мыкты клип тартуу үчүн миллиондогон долларды сарптагандар жок эмес. Мисалы, дүйнөдөгү эң кымбат, тагыраагы, эң көп каражат сарпталган клиптин баасы 7 миллион долларды түзөт.

Майкл Жексон жана Жанет Жексондун - "Scream" клиби 7 миллион долларга тартылган.

"Scream" клиби 1995-жылы клипмейкер Марк Романек тарабынан тартылган. Аны тартууга жалпысынан 7 миллион доллар сарпталган. Каражаттын 5 миллион доллары клип тартуучу аянттын ижарасына, анын жасалгаларына жумшалган. Компьютердик корабль 65 миң доллар, гитаралар 53 миң доллар, видеоэкран 80 миң доллар, ар кандай жарыктарды берүү үчүн 175 миң доллар керектелген. Майкл Жексондун бир күндүк гримине 3000 миң доллар, Жанеттин бир күндүк грими 8000 долларды түзгөн. Ал эми бийди үйрөткөн хореографтарга 40 миң доллар жумшалган. Клип 11 күн тартылып, тартуу иштерине 1 күнгө орточо эсеп менен 636 миң доллар бөлүнгөн.

Ири суммадагы каражатты талап кылган бул клип "Грэмми" жана башка бир нече сыйлыктарды алган.


Мадоннанын "Die Another Day" клиби 6 миллион 100 миң долларга тартылган. Бул клип 2002-жылы Голливуддагы студиялардын биринде тартылган.
Ал эми ырчынын 1989-жылы "Express Yourself" чыгармасына тартылган клипке 5 миллион доллар сарпталган.
1995-жылы жылы "Bedtime Story" чыгармасына тартылган клипке дагы 5 миллион доллар каражат жумшалган.

4 миллион долларга тартылган клиптердин бири Майкл Жексондун "Black or White" чыгармасы болгон.

Ушундай эле сумманы "Ганз-Н-роузиз" тобу "Estranged" чыгармасына клип тартуу үчүн жумшаган.
Андан кийинки сумма 2 миллион 700 миң долларды түзөт. Мындай сумманы "Пафф Дэдди" каймана аты менен белгилүү болгон америкалык рэпер Шон Комбс "Victory" клибине сарптаган.
Канадалык белгилүү ырчы Селин Диондун "It's All Coming Back to Me Now" видеокомпозициясы репертуарындагы эң кымбат клип болуп саналат. Ага жалпысынан 2 миллион 300 миң доллар жумшалган.
Америкалык актёр, режиссёр, аткаруучу Уилл Смит "Miami" чыгармасына тартылган клипке 2 миллион доллар жумшаган.
Мыкты рэперлердин сап башында турган Канье Уэст "Stronger" клибине 1 миллион 200 миң доллар короткон.
Рианнанын "Man Down" клиби 1 миллион 78 миң долларга тартылган.
Ал эми америкалык ырчы, бийчи, актриса Бритни Спирстин "Toxic" чыгармасына тартылган клипке 1 миллион доллар сарпталган.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков эң кымбат делинген "Жыргалымсың" клибине 8 миң доллар сарпталганын айтат.
"Камераларга 2 миң доллар, техниктерге жол киреси менен 500 доллар (Алматыдан келген камера, техниктер жана башка), оператор Азамат Дулатов 1000 доллар, декорация, реквизиттерге, экранга 2 миң доллар.
Режиссёр Мирлан Саткымбаевге 500 доллар, сүрөтчүлөргө 500 доллар, клиптин монтажына, графикасына 500 доллар. Мындан тышкары, тартуучу топтун тамак-ашына 200 доллар кетет.
Клип тартылуучу жайдын ижарасы 300 доллар, жарык бергичтер, кран, рельс жана башкага 600 доллар, транспортко, тартуучу топко жана башка чыгымдарга 500 доллар коротулат. Жалпысынан 8 миң доллардын тегереги болот", - дейт ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
dopping.
2019-12-11 22:12:35
Мирбектин кайсыл клиби?
+4
bond02
2019-12-12 02:13:57
Майкл Жексон менен Мирбек Атабековду салыштыруу бул тоого кумурсканы тенеген менен эле барабар го дейм.
+2
titanik32
2019-12-12 07:33:33
Майкл Ким да Мирбек Ким?башты иштетип анан салыштырып корсонор экоону.Мирбек Майклдын чанында калат го.
0
Aman_Mansurov
2019-12-12 11:03:24
Майкл менен Мирбекти эчким салыштырган жок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан