Швециялык чабуулчу Златан Ибрагимович жакын арада Италия чемпиондугунун клубдарынын биринде ойноп баштайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
38 жаштагы Ибрагимович АКШнын "Лос-Анжелес Гэлакси" клубу менен келишимди узарткан эмес. "Мен жакын арада жеңиш жолуна түшө турган командага кошулам. Италиядан көрүшкөнчө", - деп айткан Ибрагимович.
Буга чейин ЖМКлар швециялык футболчуга "Наполи" менен "Милан" кызыгуу артып жатканын жазышкан.
Ибрагимович Италияда "Ювентус", "Интер", "Милан" клубдарында ойногон.