Күйөөсүнө "Кийим абересиз" деген видеосу тарап кеткен келин элдин талкуусунан кандай сокку алганын айтып берди

Өткөн аптада социалдык тармактарга келиндин күйөөсүнө "Кийим алып бересиз" деп чырдап жаткандагы видеосу тараган. Видеону көргөндөр дароо эле "тажаал аял", "мындай аялдан Кудай сактасын", "ыймансыз" деген сыяктуу терс пикирлер жазылып, шакаба кылгандар да четтен чыкты. Бул арада "ал аялды шылдыңга алуу туура эмес, видеолорду өчүрөлү, өзү тууралуу жазылган комментарийлерди угуп, абдан оор абалда турат" деген интернет колдонуучу Сайрагүл Полотова аны шакаба кылбоого чакырган. Биз ал аркылуу видеодо тартылган келин Ырыскүл Макситова менен байланышып абалын сурадык.

Ал сөзүн "Азыр мага көчөгө чыккан эмес, дем алуу да кыйын болуп жатат" деп баштады. Айтымында, ал видеодо урушуп жаткан күйөөсү менен октябрь айында ажырашып кеткен.

Ырысгүл, видео тарап жатканын сиз өзүңүз көрдүңүзбү же сизге кабарлаштыбы?

- Жума күнү эле, түшкө жакын курбум чалып сен тартылган видео тарап жатат деди. Мен ал видеону көргөндө үстүмдөн кимдир бирөө муздак суу куюп жибергендей болду. Эч бир сөз чыкпай көпкө кыймылсыз отуруп калдым. Мен эле эмес, эжелерим да абдан жаман абалда калды. Анткени видеодо мен кыйкырчаак, тажаал аял көрүнүп калгам. Ооба, аша чаап күйөөмө ашыкча сүйлөнгөнмүн, бирок менин ачуум ошого жеткен болчу. Күйөөм экөөбүз 8 ай жашадык, алгачкы 3 айында бир да жолу үйдө чыр болгон жок. Ал жаман деп бир тараптуу сүйлөгүм келбейт. Ал менен өзүмдү бактылуу сезген учурларым болду, жакшы күндөрүбүз өттү.

- Анда сизди ачууланганга эмне жеткирди?

- Ошондон бир күндөн кийин тойго бармакпыз. Көп эле аялдар тойго жакшы кийим менен барууну каалашат. Ошондо мен ушул оюмду айтсам, алып бербейм деп койгон. Биз чогуу жашаган 8 айда менде андай шарт болгон жок. Башында унчукпай, өзүм алып келген кийимдерди кийип жүрдүм. Өзүм иштеп өзүмдү камсыздаганга айылда жумуш жок, экинчиден күйөөмдүн мурунку турмушунан 2 баласы бар, ошолорду карап үйдө отур, сени өзүм камсыздайм дечү. Бирок бир жолу миң сом берсе аны 2 ай айтчу, айтор кысылып кеттим. Баарына чыдайын десем анын мени менен жашай турган ниети да өзгөргөндөй болду. Мунун баарын ачыктап, анын купуя сырларын жая албайм, андан көрө ал мен кеткенден кийин бир жума өткөн соң башка бирөөгө үйлөнгөн десем түшүнүктүү болсо керек.

Ошол учурда анын өзгөргөнүн байкап ачуумду баса албай кыйкырып жаткан элем. Башынан эле аялдык сынымды бузбай, тыкан, жарашыктуу кийинип жүрүүнү туура деп көрөм. Муну жашырбайм. Биздин ажырашуубузга башка нерсе себеп болду. Видеодогу окуя ажырашкандан бир ай мурун болгон. Мен анын видеого тартып жатканын билген эмесмин.

- Бул боюнча күйөөңүз менен сүйлөштүңүзбү?

- Видео тараганда күйөөмө эжелерим чалды. Ал мен тараткан жокмун, өзүңөр тараттыңар деп бизди күнөөлөп койду. Дагы башка виделору да бар деп коркутуптур. Негизи видеону күйөөм өзүнүн анан менин эжеме жөнөткөн экен. Менин эжем аны эмнеге жайылтмак эле. Андан ары ким таратты деп териштирген жокпуз, балким, "өзү ушундай жаман аял болчу" деп кимдир бирөөлөргө актанып жөнөткөндүр, андан ары тарагандыр, билбейм.

- Күйөөңүз кечирим сурадыбы?

- Ооба, кечирим сурап сүйлөп жөнөтүптүр. Мен ага чейин эле ага каршы эч кандай аракет көрбөйм деп ойлонгом. Сотко бербейм, жамандык каалабайм. Көбү "сотко берип акча өндүрүп ал" деп жатышат. Күйөөм үчүн эмес, анын 2 баласы үчүн мындай жолго барбайм. Өзүмдүн балам жок болгондуктан, аларга абдан жакын болуп калдым эле, кичүүсү 3-класста окуйт. Мен кетип калганда мени менен келип, 1 апта жанымда жүрдү. Менден кетпей ыйлап жатты. Жаман аял болсом бала деле мага тартылмак эмес. Азыр аларды эстеп, сагынып да ыйлап жатам. Балдары менен жолугуштурам десе жолугууга даярмын. Негизгиси күйөөмдү Кудай кечирсин.

- Азыр абалыңыз кандай?

- Дагы деле жакшы эмесмин. Отуруп, туруп эле ыйлап жатам. Бул абалдан өз алдымча чыга албайм го деп психологдун жардамы керек экенин сезип турам. Элдин шылдыңы өтө оор болот экен. Аттуу-баштуу, мен чыгармачылыгын сыйлаган куудулдардан тартып, ар бир интернет колдонуучуга чейин шакаба кылышты. Эжелерим да, өзүм да көчөгө чыга албай калдык. Эжемдин эмчектеги баласы ооруп калып, бүгүн ооруканага барууга туура келди. Ал жерден элдин баары мени таң калып карап, сүрөткө түшүп алалы деп жүрүшөт. Анткен сайын оор болуп жатат. Социалдык тармактарга көп кирбейм, жакшы колдоно албайм. Чыныгы абалды түшүндүрүп, видеолорду өчүрүүгө курбум жардам берди. Болбосо ал жайылган сайын "өлүп алсамбы" деген ой келип жатты. Элге кайрылып, менин видеомду жайылткандын ордуна өчүрүп койгулачы деп суранат элем.

Биз Ырыскүл Макситованын классташы Сайрагүл Полотованын да оюн уктук. Ал курбусун оор абалда колдоп, социалдык тармактардагы видео-постторду өчүртүүгө активдүү аракет кылып, моралдык колдоо да көрсөткөн. Ал курбусу үйдө бир туугандардын эң кичүүсү, эркелик мүнөзү бар экенин айтып, бирок ичине жаман ой катпаган, ачык-айрым адам деп мүнөздөдү.

"Мен видеосу тарап жатканын көргөндө ага дароо байланышып, тынчтанууга чакырдым. Алгач нес абалда болду. "Жүрөгүңө жакын алба, сен уят сөз сүйлөгөн жоксуң, жылаңач эмессиң, үй-бүлөдө ар кандай абал болот" деп айтып жаттым. "Бул вайн сыяктуу тартылган деп түшүнүп жатышат" деп да айтып жаттым. Буга карабастан өзү да, эжелери да депрессияга түшүп калышты.

Жазылып жаткан терс пикирлерди токтотуп, аны өзгөртүү үчүн блоггерлерге, коомдук ишмерлерге, аялдардын укугун коргогон уюмдарга кайрылып сурандым. Анын абалын айтып, жеке куржундарына да кат жөнөттүм. 11 саат интернетте отуруп, видеону жайылтпоо аракетин көрдүм. Абалды түшүнгөн адамдар болду. "Үй-бүлөдө аялдын эмоцияга алдырып сүйлөгөн сөзү экен, талкууга алуунун кереги жок" дегендер да чыкты.

Кыргыздын кыздары "ушул жерде тыңып кетели" деп барган жерибизде өзүбүздү жакшы жактан көрсөтүүгө аракет кылабыз. Ырыскүл деле ошондой кыздардын бири болду, турмушка чыгып күйөөсүнүн 2 баласын багып, мал карап, кышкы салаттарды жаап эле кызмат көрсөтүп жүргөн.

Ага чейин оорулуу апасын 10 жыл бакты. Үйдө апасы экөө болчу. Өткөн жылы апасынын көзү өтүп кеткен. Андан кийин турмушка чыккан. Апасынын күйүтү өчө электе бул ага оор сокку болду. Коомчулукту жеке адамдардын видеосун таратууда жана талкууга аларда кылдат болууга чакырам. Мунун кесепети жаман аяктап калышы мүмкүн", - деди ал.

SUPER.KG порталы экинчи тараптын да оюн угуп, жарыялоого даяр.

“Кийим абересиз” деген келин: “Азыр мага дем алуу да оор болуп жатат"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (50)
Aimani
2019-12-05 00:48:39
Ушундай кайнеже, эжелерине арызданып, видеого тартып алып жөнөткөн эркек да эркекпи. Катынына бир көйнөк алпере албаган озу уялыш керек. Чмо
+8
fak
2019-12-05 04:19:03
Куйоосуно мин наалат
+4
Baktikan
2019-12-05 04:50:03
Kim bilet~kuyoosu videogo tartip satip akcha kilgandir~akmak adam eken~tuura ele aytiptir kelin~kiyim kerek ~ozu bilip alip berbese~jash jakshinakai jelin eken~oshogo jetkirgen kuyoosu~~
-2
Altyn10076
2019-12-05 04:53:53
Кийим алып берес десе не болуптур, үйлөнүп атканда убада берсе керек.
+2
titanik32
2019-12-05 05:41:35
Ырысгүл кыжаалат болбо,мындай сүйлөшүү мындай нерселер үй бүлөөдө боло берет.Сен жаман иш кылган жоксун бир нерсе уурдабадың,музейдекидей чечинбедиң.Тупай көт эриң эркек эмес экен ким болсо да,эриңе ажырашып кеткен бүткүл Кыргыз элинен КАРГЫШ болуп жатат ал көпкө барбайт.Ырысгүлдүн адресин кайдан алсам болот мына мен бир сыйра сарпай АЛЫПБЕРЕМ чын көңүлдөн.
+7
Giza
2019-12-05 06:15:20
Чогуу жашагандан кийин ар нерсе болот да. Үйдөгү сыртка тартып чыксак кино болот ко
+7
nazira...
2019-12-05 09:10:06
Мен бул кызды озбек кыз окшойт, озбекче аралаштырып суйлоп жатат деген элем, кыргыз эле экен го. Озбектер кобунесе куйоолорун ушинтип алып бересин дей беришет да, ал каяктан акча табат, таппайт кызыктырбайт. Озбек алсан ушундай болот, рас болуптур дедим эле.
-3
murat17
2019-12-05 12:39:28
nazira...,кыргызда деле тушунугу жоктор барда
-4
nnn.sss
2019-12-05 09:33:22
Астындагы 3 суроттогу кыз ким, тушунбой калдым
0
Rakyl12
2019-12-05 09:45:12
Эми кийим учун жанжал кылбай эле койгон туураго итак да ушул кыска жашоодо мумкун куйоосунун да шарты болбой калгандыр бироонун жашоосун билип болбойт, жашоодо ар кандай нерселер болот, бири бирибиздин конулубузду оорутпайлы.
+1
murat17
2019-12-05 12:38:31
Rakyl12,эн туура
0
JaneEr
2019-12-05 13:31:19
Куйоосун мен келиндин агасы болгондо токмоктоп кетмекмин барып.
+6
ma2as
2019-12-05 14:03:27
Адамдык, оздук ой жок , кимди коргозуп жамандап чыкса - жамандай беребиз , актап чыкса актай беребиз .
+2
-adam
2019-12-05 14:41:27
Мен ойлогом атайын тартышканго деп.Эч ойлонбонуз элдер озун пиар кылыш учун мындан жаман нерселерди чыгарып жатышат
+4
Sayragul
2019-12-05 16:59:37
Куйоосу тарбиясы, акылы , адамдык касиети томон бир абдан жаман адам экен да озу. Балдарын карап атса жакшына карап, сыйлап алса болчу экен. Дагы ал куйоо соройго кайсы шордуу тие калды экен . Дегинкиси, жакшы эмес куйоо экен.
+5
TIMON_BERKOWITZ
2019-12-05 18:18:58
Сабырыңдын чеги ачууң келгенде билинет! Дегеним канчалык ачууң келсе да, өзүңдү карман. Ошондо эч ким сени менен иш албайт.
0
Sezimim...
2019-12-05 20:57:40
Озунду карап сыйлап, жакшына кийинип жургонго не жетсин...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан