Баткен. Өзгөрүш айылынын тургундары алтын казууга нааразычылыгын көрсөтүп митингге чыгышты

"Супер-Инфо" гезитинин Баткен облусу боюнча аймактык кеңсесине Лейлек районуна караштуу Өзгөрүш айылынын тургундары 24-ноябрда нааразычылык митингине чыгышкандыгы тууралуу маалымат келип түштү. Нааразычылык акциясына 300дөн ашуун адам (эл арасында мындан да көп деген кептер айтылууда) катышып, аталган айылда алтын казуу иштери токтотулсун деген талап коюшкан. Жадакалса айылдыктар алтын казып жаткан компаниянын кызматкерлерин айылдан кууп чыгышты деген маалыматтар бар. Учурда окуянын чоо-жайын иликтеп жатабыз. Бул тууралуу кенен маалыматты көп күттүрбөй берүүгө аракет кылабыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан