Бишкекте "Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" IX эл аралык кинофестивалы өтөт. Иш-чара 12-15-декабрь күндөрү болорун Кинематографисттер департаментинен билдиришти.
Бул ирет кинофестиваль Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналат. Фестивалдын ачылышы 12-декабрь күнү саат 12:00дө "Манас" кинотеатрында болот. Ал эми 15-декабрда саат 16:00дө фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталат. Фестивалда "Мыкты тасма", "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү", "Калыстар тобунун атайын сыйлыгы", "Мыкты режиссёрдук иш" боюнча сыйлыктар тапшырылат.
Кинофестиваль эки улуттук жана эл аралык деп эки программага бөлүнөт. Анда көркөм, документалдык, анимациялык жана эксперименталдык тасмалар көрсөтүлөт.
Быйыл фестивалга катышууга 700дөн ашык билдирүү келип түшкөн. Алардын ичинен улуттук сынакка 17 жергиликтүү тасма, эл аралык сынакка 14 тасма тандалып алынган.