Комузчу Азиз Батыров Өзбекстандагы музыкалык сынактын кийинки туруна өттү

Комузчу, ырчы Азиз Батыров Өзбекстанда өтүп жаткан "Артист" музыкалык сынагынын 2-туруна ийгиликтүү катышып келди. Ал сынактын кийинки туруна өткөнүн сүйүнчүлөдү.

"Өзбекстандын Маданият министрлиги тарабынан музыкалык сынак жарыяланган. Сынак тууралуу мага министрликтин өкүлү телефон аркылуу байланышып, сынакка катышууну сунуштады. Мен тандоо турунан өткөм. 4-декабрда Ташкент шаарында сынактын экинчи туру орун алып, ага 300дөй катышуучу келди.

Сынакта өкүл апам Роза Аманова аткарып жүргөн "Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо" деген чыгарманы комуздун коштоосунда аткардым. Чыгарманын бир куплетин өзбек тилине которуп аткарып бердим. Мен комузду до нотасынан күүлөп ырдаганым калыстарды таң калтырды. Ошондой эле алар кыргыздын чыгармаларынын философиялык мааниси жогору экенин айтышты. Албетте, калыстар тобу бир ооздон жакшы сөздөрүн айтып, кийинки турга өткөнүмдү билдиришти. Чет элдин сахнасында колума комузумду алып, кыргыздын улуттук кийимин кийип турганыма сыймыктандым", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ernis_07
2019-12-05 02:31:40
Үн эле ушул жигитте ийгилик каалайбыз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан