Эпатаждуу кыргыз ырчысы Лира Seven Дубайда өткөн сулуулук сынагына катышууда

Акыркы кезде өзүн дизайнер катары сынап жүргөн эпатаждуу ырчы, обончу Догдурбай Урманбетовдун кызы Лира Seven Дубайда өткөн сулуулук сынагына катышууда. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

"Сынак "СССР ханышасы" ("Queen of USSR") деп аталат. Ал жакка КМШ өлкөлөрүнөн келген сулуу, өзгөчө, харизмалуу, таланттуу кыздар катышып жатат. Сынактын алкагында ар кандай жарнамалык роликтерге тартылабыз. Андагы жүрүш-турушубузду, өзүбүздү кандай алып жүрөбүз, баарын байкап, аягында ошого жараша упай берилет. Сынактын артыкчылыктары да көп. Кыздарды атайын клиникаларга алып барышат. Ал жакта кыздар оозуна, көкүрөгүнө операция жасатып, бетине кам көрүүчү ар кандай процедураларды жасатса болот. Мен бирине да барган жокмун, алар "сизде баары жайында экен" деп коюшту (күлүп). Март айында масштабдуу концерт өткөрүлүп, ошол жактан сулуулар сынагынын жеңүүчүсү аныкталат", - дейт Лира.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Aituwas
2019-12-06 08:49:45
Тим эле койсо болмок....
+12
Alia82
2019-12-06 08:58:43
Тооба жалан куниктер катышыптыр го бул недеген сулуулук сынагы
+16
Bars88
2019-12-06 09:04:23
Жарым жыланач кийинип алышса кээ бироолор мактап койсо сулуумун деп сезип алган окшойт озун.Фигурасы 90-90-90 го
+8
janym_balam
2019-12-06 09:45:07
Куниктердин сынагы десе деле болгудай экен.
+13
murat17
2019-12-06 20:15:54
janym_balam,арабдар учун сулуу корунсо керек
-1
salimbek87.kg
2019-12-06 09:47:10
Опшим товарный вид жокко баардыгында
+13
bond02
2019-12-06 10:09:30
Бул кыз белгилуу эле бир акынбы же жазуучунун кызы беле?
+1
Meryem77
2019-12-06 11:26:24
Жарым жылаңачтардын заманы болуп барататкоо.. ушуларды сулуу деп кантип айтат?!90% жасалма болуп туратко каягы сулуу?!кайжака баратабыз кайран элим?! Кыргыздын атын булгабай эле койсо болмок экен..тим эле кыйратып койгонсуп Кыргызстандын атынан катышып деп...!
+4
JaneEr
2019-12-06 12:01:53
Муйузун чечип койсо болмок.Саны кантет ыя.
+3
AKCAHAT
2019-12-06 13:49:47
Ушулар сулуу болсо демек. Бул эжеде жамбашы мн Сан эле козго биринчи урунбаса сулуулук вообщем жашабайт
+2
Jasi.jasi
2019-12-06 16:12:04
Кунубуз ушул "Азали,Севен,Эйч,Найн,Тен"дерге калган экен да.
+7
Nevestkaa
2019-12-06 20:20:58
5-сүрөттө араб жигит жарым жылаңачтын жанында турат го .
0
-adam
2019-12-07 14:40:31
Nevestkaa,ошол уюштургандыр да
Азыр акча га азгырылган эле кыздар.
0
aika0906
2019-12-07 00:20:02
Уффффф ушуларды ким жонотот кыргызстандын атынан деп???? Же каражатты ким озу которсо кете береби?
+2
Farkhat07.05.89
2019-12-07 02:23:15
Эмнеге СССР сулуусу деген сынак болсо Дубайда отуп атат?Эмнеге КМШ олколорунун биринде отпойт бул сынак?Же эмне Дубай СССРге кирчи беле?Бул жон эле ошол жактагы шейхтердин кызыкчылыгы учун отуп аткан сынакко
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан