Турсунбек Акун: "Жогорку Кеңеште эсимди жоготуп жыгылганда депутаттар мага жардам бергендин ордуна канжар менен сокку урушту"
"Мен Жогорку Кеңеште эсимди жоготуп жыгылганда депутаттар мага суу алып келип бергендин ордуна мени мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу боюнча добуш берүүгө киришип, мага канжар менен сокку урушту",- деди экс-акыйкатчы Турсунбек Акун сотто. Айта кетсек, бүгүн райондор аралык сотто Акундун кызматтан бошотулушу боюнча Жогорку Кеңештин токтомуна байланышкан сот иши жүрүп жатат. Акун адилеттүү соттор көп экенине ишене турганын билдирди. "Мен парламенттен да көрө элек өзүбүздүн маданиятыбызды бүгүн көрсөтөбүз деп ойлойм. 24-26-июнда Кызыл-Кыяда ооруканада жаттым. Мага ал учурда узак жол жүрүүгө мүмкүн эмес эле. Парламент мага байланышкан маселени кароону башка убакка жылдырат деп ойлогом, бирок 27-июнь күнү кароону башташты. Мен Бишкекке узак жол жүрүп өтө кыйналып келгем",- деди Акун. Экс-акыйкатчы кызматтан бошотулар күнү ЖКда эсин жоготуп жыгылганы тууралуу буларды айтты. "Парламент жыйынында саат 16:00гө чейин катуу психологиялык күрөш жүрдү, мен эсимди жоготуп жыгылдым. Бирок депутаттар мага суу алып келип бергендин ордуна добуш берүүгө өтүшүп, мага карата канжар менен сокку урду. Президент же премьер-министр ЖКда мага окшоп эсин жоготуп жыгылса аларды кызматтан бошотууну да башка күнгө жылдырбай карайт беле?"