Ырчы Венера Сатылганова көп жылдык тыныгуудан кийин чыгармачылыкка кайтты. "Үйдө отуруп бук болуп кеттим", - дейт ал

Гүлнур Сатылганованын сиңдиси Венера Сатылганова көп жылдык тыныгуудан кийин чыгармачылыкка кайтты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

"Дил кайрык" деген ырды мурун жалгыз ырдап жүрчүмүн. Курбум Махабат Апешова ортодо Москвага барып иштеп келгенден кийин "кел, иштейли. "Дил кайрык" деген ырыңды жаздырып, клип тарттыралы" деп көп айтчу. Мен балам менен үйдө отурсам кайдагы клипти айтасың? деп көңүлдөнбөй жүргөм.

Баламды 10 жылдан бери Сауле Мамбетжусупова деген дарыгерге көрсөтөбүз. Ал да "эже, сиздин жаштыгыңыз өтүп баратат. Клип тартыңыз, мен колдоп берем" деп калды. Махабат ошондо жанымда болчу. "Көрдүңбү, акча өзү келип жатат, иштейли" деп кайра көндүрүүгө киришти. Качан гана демөөрчүбүз акчаны бергенде "Дил кайрык" деген ырды дуэт кылып жаздырып, клип тарттырдык. Мен балам менен эч жакка чыга албайм да, Махабат уюштуруу иштеринин баарын өзү кылды. Клиптин сценарийин жолдошум Мурат Мамбетов жазып берди. Клип жарыкка чыккан соң өзүмдө да жаңы дем пайда болуп, Махабат экөөбүз "Келгилечи, күлөлү" деген ыр жаздырып койдук. Ошол ыр менен жаңы жылдык программаларга катышалы деп жатабыз.

Көңүлүм ток болсо, албетте, чыгармачылык менен иштегим келет. Өзүм деле бук болуп кеттим. Балаңдын кыйналып жатканын көрүп кайра токтоп калат экенсиң да. Буюрса, балам жакшы болуп кетер деген жакшы үмүт менен чыгармачылыкка кириштим", - дейт Венера Сатылганова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Belek1710
2019-12-05 17:23:39
Ийгилик!
+3
Alia82
2019-12-05 17:37:11
Баланыз жакшы болуп айыгып кетсин Кудайым шыпаасын берип
+5
JaneEr
2019-12-05 19:00:59
Конулунузду чоктурбонуз,буйруса баары жакшы болот.Иштеринизге ийгилик!
+5
katerina.li
2019-12-05 19:16:02
Жакшы эже. Ото жонокой. Уну бар ырдай турган. Жашоодо жарык кундорунуз башталсын. Уулунуз жакшы болуп кетсин. Сизди корсом эле журогум тилине Берет. Аял катары тушуном сизди.
+6
ulua
2019-12-06 13:39:02
Сатылгановалардын ундору кучтуу, мен тушуном бул конул ток эмес кыжаалатчылыкты, баласына шыпаа тилейм, менин да уулум айыгып кетсин((((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан