Бишкектин райондор аралык соту Жогорку Кеңеш тарабынан кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулган экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун доо арызын кароодон баш тартты. Чечимди бүгүн, 16-августта Бишкектин райондор аралык сотунун судьясы Бермет Карагулова чыгарды. Сот ишине төрагалык кылуучу ЖКнын юристтеринин өтүнүчүн канааттандырып, Акундун арызын кароону токтотту. Айта кетсек, Акун өзүнүн кызматтан бошотулушу боюнча ЖКнын токтомун жокко чыгарууну көздөөдө. Анын жактоочулары эми шаардык сотко арыздана тургандыктарын айтышты.