Ырчы Жанета Баялиева Беларуста өтчү концертке аттанууда

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жанета Баялиева 9-декабрда Беларуста өтчү концертке аттанууда. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

"Мага октябрь айында Беларустун Брест шаарында 9-декабрда өтчү концертке чакыруу келген. Эртең ошол жакка сапар тартып жатам. Брест шаары быйыл "Шериктештиктердин маданий борбору - 2019" макамын алган. Ошонун урматына жылды жыйынтыктоочу салтанаттуу концерт өткөрүлмөкчү. Концертке башка КМШ өлкөлөрүнүн эстрада ырчылары да катышат", - дейт Жанета Баялиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан