Англия Премьер-Лигасында оюндар кызуу уланууда. 5-декабрга караган түнү 15-турдук оюндарда "Ливерпуль" "Эвертон" менен кез келген.
Оюн "Ливерпулдун" 5:2 эсебинде жеңиши менен аяктады. Клопптун командасы муну менен өздүк рекордун жаңылады. "Ливерпуль" 32 оюндан бери Англия Премьер-Лигасында жеңиле элек. 15 оюндан кийин "Ливерпуль" 43 упай топтоп, 1-орунда келе жатат. 2-орунда "Лестер" командасы 35 упай жана 3-орунда "Манчестер Сити" 32 упай менен келе жатат.
АПЛдин рекорду "Арсеналга" таандык, лондондук команда 2003-2004-жылдар аралыгында 49 оюнда жеңилген эмес.