КРнын Акыйкатчысы кызмат орду мөөнөтүнөн мурда бош калгандыктан, Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 3-июлунда бул кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алууну баштаган. 15-августка карата 53 талапкер арыз таштады, алар:
1. Нурлан Мотуев – жеке ишкер
2. Рахатбек Касымалиев – К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин юрист-консультанты
3. Рита Карасартова – КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын доценти
4. Асия Сасыкбаева – Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары
5. Чолпон Койчуманова – КР УИАнын Тарых институтунун окумуштуу-катчысы
6. Дилшад Нажмидинов – Бишкек шаарынын ИИББинин Биринчи Май районундагы 8-шаардык милиция бөлүмүнүн участкалык инспектору
7. Омурбек Рыскелдиев – юрист
8. Мухтар Кожошев – КРнын Акыйкатчысынын орун басары
9. Акылбек Ташбулатов – "Эл аралык коргоосуна көмөктөшүү" борборунун директору
10. Досаалы Иманбердиев – КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын башкы илимий кызматкери
11. Нурбек Токтакунов – "Прецедент өнөктөштүк топ" коомдук уюмунун директору
12. Талант Бапаев – жеке адвокат
13. Кубан Адыл уулу – Бишкек шаарынын 1-май районунун улук прокурору
14. Рыскул Бактыбаев – Чүй облусунун прокурорунун орун басары
15. Гүлгакы Мамасалиева – "Интербилимдин" Ош кеңсесинин менеджери
16. Токторбек Ашыркул уулу – Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты
17. Тыныбек Ажимаматов – "Семамед" медициналык борборунун медициналык илимий консультанты
18. Маматурайим Момунов – убактылуу иштебейт
19. Турдали Орозбаев – ТИМдин кадрлар резервинде
20. Темиркул Тейишов – Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыз кылуу департаментинин бөлүм башчысы
21. Шермамат Мамажунусов – жеке ишкер
22. Абиба Маткасимова – "Наима" коомдук фондунун директору
23. Айнуру Алтыбаева – ЖКнын депутаты
24. Кылычбек Досумбетов – Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз катчысы
25. Тургунбек Нарикеев – убактылуу иштебейт
26. Акжолтой Тукунов – Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы "Тазалык" чакан ишканасынын инспектору
27. Эмилбек Базаркулов – Бишкек шаарындагы түзөтүү жайларын көзөмөлгө алуу боюнча прокурордун улук жардамчысы
28. Эрмамат Кожоакматов – жеке адвокат
29. Бакыт Керимбеков - КРнын Пауэрлифтинг федерациясынын президенти
30. Жорокул Куватов - пенсионер
31. Анар Сартаев – "К.Асаналиев атындагы Аскер институту" коомдук бирикмесинин төрагасы
32. Таалайбек Кошоков – убактылуу иштебейт
33. Нурдин Сулайманов – КРнын Акыйкатчысынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн инспектору
34. Шарабидин Токтосунов - жеке адвокат
35. Максатбек Жээнбеков – убактылуу иштебейт
36. Турсунбай Бакир уулу – ЖКнын депутаты
37. Нуркамил Мадалиев – ЖКнын депутаты
38. Замирбек Төрөгелдиев – "Актив" юридикалык компаниясынын директору
39. Гүлай Кыдырова – У.Асаналиев атындагы Тоо иши жана тоо технологиясы институтунун улук окутуучусу
40. Игорь Трофимов – убактылуу иштебейт
41. Курманбек Иманалиев - адвокат
42. Акин Токталиев - адвокат
43. Бакытбек Аманбаев - гезиттердин биринин башкы редактору
44. Чынгышбек Шаршебаев – коомдук коргоочу
45. Акылбек Сариев - "Мораль" коомдук фондунун директору
46. Атыр Абдрахматова – "Маалымат укугу борбору" коомдук уюмунун укук эксперти
47. Сталбек Дюшалиев - Раззаков атындагы КМТУ доценти
48. Айдарбек Көчкүнов – КРнын Президентине караштуу Тарыхый илимдерди өнүктүрүү боюнча комиссиянын мүчөсү
49. Бактыгүл Кубанычбекова – укук маселелери боюнча эксперт
50. Нуржамал Камчибекова – УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча коомдук кабылдамасынын кызматкери
51. Токтайым Үмөталиева - "Жашасын Кыргызстан" партиясынын лидери
52. Мамасадык Жакышов – Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин төрагасы
53. Тилек Тынччылык уулу – убактылуу иштебейт
Эске сала кетсек, акыйкатчылык кызмат ордуна документтерди кабыл алуу 15-августта аяктады.