Дүйнөгө таанымал казакстандык ырчы Димаш Кудайберген орусиялык "Виктория" сыйлыгынын эки наамына татыды. Бул тууралуу ырчы социалдык баракчасына жазып чыкты.
"Урматтуу досторум, мен бүткүл орусиялык "Виктория" музыкалык сыйлыгында "Жылдын ачылышы", "Классикалык музыкадагы жылдын ырчысы" деген эки наамда жеңишке жеттим. Менин дүйнө жүзүндөгү угуучуларым, колдооңуздарга рахмат! Жеңишимди баарыңыздарга арнайм!" деп жазган Димаш.
Эске салсак, "Виктория" сыйлыгы Орусиядагы профессионал музыкант, композитор, акын, продюсер, музыкалык сынчылар калыстык кылган алгачкы жана жалгыз сыйлык. Сыйлык тапшыруу аземи 5-декабрда Москвада Мамлекеттик Кремлде өттү.