Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча жылдын мыкты спортчулары сыйланды

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги паралимпиадалык, сурдалимпиадалык, атайын олимпиада жана олимпиадалык эмес спорттун түрлөрү боюнча Дүйнө, Азия чемпионаттарында жана эл аралык мелдештерде ийгиликке жетишкен спортчуларды, жыл жыйынтыгы менен сыйлоо аземи болуп өттү.

Иш-чарага Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча Федерациялардын өкүлдөрү жана аталган спорттун түрлөрү боюнча алдынкы спортчулар катышты.

Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча 60тан ашык мыкты спортчулар сыйланды. Алардын арасында кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпиону Авазбек Аманбеков, грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиону Абдурахман Муртазалиев, каратэ боюнча Дүйнө чемпиону Эмилия Алмазбекова жана башкалар кирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан