Мамлекет тарабынан "Токио-2020" Олимпиадасында медаль жеңген спортчуга 5тен 10 миллион сомго чейин болушу болжолдонууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын төрагалыгы алдында Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада жана Паралимпиадалык оюндарга спортчулардын катышуусуна даярдык көрүү маселеси боюнча жыйында айтылды.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Арпачиев Кыргыз өлкөсү спорттун 13 түрү боюнча 21 жолдомо алууга ниеттенип жатканын белгиледи.
Азыркы учурда 5 жолдомо бар: Айсулуу Тыныбекова (күрөш), Денис Петрашов (сууда сүзүү), Юлия Андреева (жеңил атлетика), Атабек Азизбеков (грек-рим күрөшү) жана Дарья Маслова (жеңил атлетика).
XXXII жайкы Олимпиада Токиодо 2020-жылдын 24-июлунан тарта 9-августка чейин өтөт.