Кыргыз студентинин эмгеги орусиялык эл аралык кинофестивалда бааланды

Орусиянын Екатеринбург шаарында өткөн XVI "Кинопроба" киномектептеринин эл аралык фестивалынан "Манас" кыргыз-түрк университетинин студенти Айназ Турдумаматованын "Алыс" ("Далеко") аталышындагы тасмасы байгелүү кайтты. Анын эмгеги "Документалдык сынактагы мыкты окутуучу тасма" наамына татыды.

"Алыс" тасмасында 10 жаштагы Саматтын тагдыры баяндалат. Ата-энеси Орусияда иштеген Самат чоң энесине жардамдашат, ошол эле учурда жаш болгонуна карабай ини, карындаштарын карап, бакканга туура келет.

Эске салсак, "Кинопроба" эл аралык киномектептердин фестиваль-практикасы 2004-жылдан тартып 1-4-декабрь күндөрү Екатеринбург шаарында өткөрүлүп келет. Фестивалга студенттер, киномектептин окуучулары кыска метраждуу тасмалары менен катыша алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akmanai
2019-12-07 13:31:43
Азаматсыз. Кооп ийгиликтерди багындырыныз дагы.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан