Режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы кезектеги эл аралык байгесин багынтты. Бул тууралуу тасманын продюсери Алтынай Койчуманова билдирди.
"Жөө күлүк" тасмасы Польшада өткөн 37-эл аралык "Ale kino!" жаш көрүүчүлөр кинофестивалына катышкан. Иш-чаранын жыйынтыгында фестивалдын башкы демөөрчүсү польшалык банк тарабынан "Мыкты режиссёрдук дебют" наамын багындырды", - дейт тасманын продюсери.