Прокурорлор Ибраимовду 20 жылга, Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранышты

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго карата каралып жаткан кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отуруму өтүүдө.

Анда мамлекеттик айыптоочулар Албек Ибраимовду күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратууну суранышты. Ал эми Кубанычбек Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранышты.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган.

Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталган. Ушул жылдын 6-мартынан тартып, Кулматов менен Ибраимовдун иштери бириктирилип, сотто карала баштады. Эки экс-мэрдин ишине байланыштуу жалпысынан 14 адамга айып коюлган.

Айыптоочулар Ибраимовду 20 жылга, Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
kanayym.92
2019-12-09 12:34:25
Булар мэр эмес ага чейин деле майлуу-сүттүү жерде иштеп келген,тыкыр текшеруу керек.
+3
robot111
2019-12-09 13:10:03
2014-жылы Бишкек шаардык мэриясына Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп куруу үчүн 2 миллион доллар бөлүнгөн экен. Аны ошол убакта шаардын мэри болуп турган К.Кулматов өз кызыкчылыгына жумшап жиберип, ал каражатка мектеп курулуп жаткандай көрсөтүү үчүн шаардын бюджетинен 100 миллион сом бөлдүрүптүр.

+2
Taku.14.02
2019-12-10 03:10:47
kanayym.92,бул атамбайдын очун аалуу.. ошол убактагы премер неге камалбайт соке
0
Jaznura
2019-12-09 12:36:29
Албек Ибраимов көп эле коррупциялык иштерге барганы маалым. Раиса Атамбаева менен Дача-СУ айылындагы авиакырсыкка да ушулар күнөөлүү.
+2
chake
2019-12-09 12:43:20
колуна 9 мин сомдук көчөттү кармап эстелик тургузуп койуш керек Сапарга кычкач карматып
+8
interpol
2019-12-09 12:53:21
Эң эле тойбос ачкөз уурулар. Өзү кыргыздын ар бир макалы таамай айтылган. "Ууру тойгончо жеп өлөрчө карганат" деп
Эми актанышып атса керек
+4
KYRGYZ_bolson_BRAT
2019-12-09 12:59:41
Суракматов Азиз Эмильбекович канча жылга кесилет экен 5 жылдан кийин?
+3
robot111
2019-12-09 13:08:10
А.Ибраимовдун 2016-жылы тапшырган декларациясында айыл чарба багытындагы ага таандык 29 жер участкасы бар экендиги, 2015-жылда ал үй-бүлөсү менен 33 миллион сом киреше тапкандыгы көрсөтүлгөн. Бирок анын эмнелердин эсебинен алынгандыгы көрсөтүлгөн эмес. Анын 2017-жылдагы декларациясында шаар башчысы 2016-жылдын ичинде негизги иштеген жеринен 735 миң 723 сом алгандыгы, айыл чарба продукцияларын сатуудан 3,5 млн. сом тапкандыгы чагылдырылат. Эң кызыгы, мурда ага таандык делген жер участкаларынын ба
0
talaa11
2019-12-09 14:41:55
Экоону тен 20-жылдан камап уй мулкун баарын Окмоттун балансына откоруш керек бул коррупсионерлерди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан