Орусиянын Премьер-Лигасындагы оюндарда күйөрмандар стадионду 1-тайм бүтө электе эле таштап кетишти. Ар кайсы клубдун фанаттары "Спартак" командасынын күйөрмандарын колдоо иретинде ушундай кадамга барышууда.
Бардыгы "Зенит" - "Спартак" беттешинен кийин башталган. Анда Санкт-Петербург шаарында 100дөн ашык күйөрмандары кармалып, 3 фанаты камакка алынып, дагы 19 фанат айып төлөөгө милдеттендирилген. Мындан улам, "Спартак" командасынын фанаттары 19-турдук беттештеги бардык оюндардын 30-мүнөтүндө күйөрмандарды стадиондон кетүүгө чакырган.
"Мыйзамсыз камакка алынган күйөрмандар үчүн футбол беттешинде акция уюштурабыз", - деп билдирген "Спартактын" "Фратрия" күйөрмандар уюму.