Улуттук курама команданын жана "Дордойдун" мурунку оюнчусу Даниел Тэго Мьянма чемпиондугунун клубу менен келишим түздү.
Тэго Мьянманын учурдагы чемпиону "Шан Юнайтед" клубуна кошулду. Аталган клуб менен футболчунун келишими 2020-жылдын 30-апрелине чейин. Кийин муну узартса болот.
"Шан Юнайтед" Азиянын Чемпиондор Лигасына катышат.