Бишкекте 7-8-декабрь күндөрү көркөм гимнастика боюнча өлкө чемпиондугу өттү. Чемпиондук Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына дагы арналды.
Мелдешке өлкөнүн 80ден ашык спортчулары катышты. Спортчулар секиргич, топ, булава жана алкак сыяктуу дисциплиналарда жарышты. Жеңүүчүлөр чогултулган упайлардын көптүгүнө жараша ар бир жаш куракта өзүнчө аныкталды.
Мелдештин жеңүүчүлөрү менен байгелүү орун ээлери:
2008 жана 2009 - жылы туулган спортчулар:
1-орун – Сапаева Карина
2-орун – Кулмамбетова Самира
3-орун – Бадыкеева Асема
2005, 2006 жана 2007 - жылы туулган спортчулар:
1-орун – Сатыкеева Тинатин
2-орун – Козубаева Альбина
3-орун – Эсенбекова Аделина
2004 - жылы туулган жана андан улуу спортчулар:
1-орун – Изабекова Айша
2-орун – Быковская Агата
3-орун – Табылганбекова Сабина.